Тажикстандын жарандары казак-орус чек арасынан Орусияга кирүүгө документтештирилген негиздерин көрсөткөндөн кийин гана өтө алышат. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Мекеменин билдирүүсүндө казак-орус чек арасы Казакстан менен Орусиянын жарандары үчүн гана ачык экени белгиленген.
Үчүнчү өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын жарандары Казакстандан Орусияга төмөнкү кошумча документтерди көрсөткөн учурларда гана киргизилет:
«Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн Орусияга барууда казак-орус чек арасын орус жарандыгын ырастаган документтери бар адамдарга гана колдонууну сунуштайбыз», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Орусия 30-мартта Казакстан менен кургактыктагы чек арасы аркылуу жарандардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөрдү алган. Эки өлкө ортосундагы чек ара 2020-жылы марттын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган.
Казакстандын бийлиги 11-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек араларындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган.
16-мартта өзбек-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер кайрадан кадимки тартипте иштей баштаган. Эки өлкө ортосундагы чек ара 2020-жылы апрелде коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган.