• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстан: 1 жылда 14 киши өмүр бою кесилген

30 Бугу 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Былтыр Тажикстандагы соттор 2021-жылга салыштырмалуу өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмдөрүн дээрлик эки эсе көп чыгарышкан.

Жогорку соттун статистика башкармалыгынын жетекчиси Ахлиддин Меликзоданын айтымында, 2022-жылы өлкөдө 14 айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу алты адамга көп.

Былтыр өмүрүнүн аягына чейин соттолгондордун ону Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары. Тажик бийлиги аларга «Терроризм», «Атайылап адам өлтүрүү» жана «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча айыптарды таккан. Соттолуучулардын жакындары бул айыптоолорду четке кагып, алар күнөөсүз экенин айтып келишет.

Оппозициячыл саясатчы Алим Шерзамонов Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларга байланыштуу кармалгандардын өмүр бою эркинен ажыратылышын адилетсиз деп эсептейт.

«Соттолгондордун кандай шарттарда кармалып жатканы тууралуу жакындарында эч кандай маалымат жок. Аларга Кызыл чырымдын гана эмес, БУУнун өкүлдөрүн да киргизбей коюшту. Өмүрүнүн аягына чейин соттолгондордун бири Имом Шоимширинов. Ал жарандык активист болчу, эч кандай кылмыш кылган эмес. Мындан тышкары мен жакындан тааныган дагы бир нече кишиге адилетсиз өкүмдөрдү чыгарышты», – деди Шерзамонов.

Талдоочулар өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмдөрүнүн көбөйүшүн тажик бийлигинин оппозиция өкүлдөрүнө жана жарандык активисттерге басым көрсөтүү аракети менен түшүндүрүүдө.

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы 2004-жылы, өлүм жазасынын ордуна киргизилген. Ал «Терроризм», «Атайылап адам өлтүрүү», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «Эрезеге жете электерди зордуктоо» беренелери боюнча айыпталгандарга гана колдонулат.

Бүгүнкү күнгө карата Тажикстанда өмүр бою соттолгон канча жаран бар экени белгисиз. 2017-жылы июлда жарыяланган маалыматта өлкөдө өмүр бою кесилген 80 киши жазасын өтөп жатканы жазылган.

Количество просмотров: 50