• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстан агрессия менен чек ара маселесин өзү тарабына чечүү аракетин көрүүдө

7 Бугу 2021 23:11 Бишкек Govori.TV

Чырдын чыгышынын себеби тажиктер видеокөзөмөл орнотуп, аны кыргыз тарапка каратып койгону болгон.

 Таш ыргытуудан тутанган куралдуу кагылышуудагы окту тажик тарап биринчи чыгарып, андан качкан жай тургундар артка чегинишкен. Себеби, кыргыз тараптан курал колдонуу буйрутмасы болгон эмес.

Аскерлер кайтарган стратегиялык зонага кирип келген душмандардан когонуу максатында кыргыз тараптын асманга аткан огу тажик тараптын жөнөкөй куралдан башка да техникаларын алып чыгууга себеп болгон.

Тажиктердин окунан качкан эл суу бөлүштүрүүчү жайдын жанындагы негизги трассанын чекесиндеги чуңкурларга жашынышкан.

Жарандык милдетимди гана аткарып, суу сактагычтын аймагын коргоо үчүн баргам деген Сүймөнкул жай жарандарда курал  болбогонун айтат.

Ал эми бул учурда ок атылып  жатат, чыр башталды  деген мааалыматтарды уккан жай тургундар турак-жайларын таштап, бала-чакасын алып качып жөнөшкөн.

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан айылдардан аялдар, балдар, кары-картаңдар чыгарылып, үй-жайын, мал мүлкүн коргоо үчүн жалаң гана эркектер калган. Алардын айтымында колдорунда курал болбогондуктан айылды толук коргоп калуу оордукка турган.

Алгач тонолуп анан өрттөлгөнү айтылган Көк-Терек айылында азыр урандылар гана калган. Бирок жашоочулары кайрадан үйлөрүн калыбына келтирип жашоого даяр, себеби ата-бабаларынан калган жер алар үчүн ыйык. Кызыгы бул айылдагы үйлөр тандалма түрдө өрттөлгөн.

Куралдуу кол салуунун жыйынтыгында кыргыз тарап бир топ эле чыгымга учураган. Баткен жана Лейтектин бир нече айылдары өрттөлгөн.  Жай тургундардын үйлөрүнөн тартып аскерлер кайтарган чек ара заставалары, мектеп, бала бакча, соода дүкөндөр, май куюучу жайлар, унаалар  күйүп, а түгүл короодогу малдары айдалган.

Ал эми эки өлкөнүн бийлиги 29-апрелде бир нече жолу өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атуу токтогон. Бирок көп өтпөй тажик тараптан кайрадан ок чыккан.

Мындан соң кайрадан эки тараптын бийлик өкүлдөрү чогулуп, атайы 4 пунктан турган протокол менен чырды тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашышкан.

Ок атышуу токтоп, Эки тарап аскерлерин жана техникаларын өз жайларына чыгарып, тажик тарап барымтага алган кыргыз жарандары бошотулуп, тосулган жолдор ачылды.

Ал арада Баткендеги келтирилген чыгымдардын ордун толуктоо суроосу турду. Ал эми Ташиев тажик тараптан эч кандай чыгымдын ордун толтуруу талабы коюлбай турганын айтты.

Мындай билдирүү коомчулукта кескин сынга калды. Кыргыз тарап тарткан чыгымдарды төлөтүү, агрессия жазаган тарапты жоопко тартуу  учүн чечкиндүү кадамдарга барууну айтышат.

Ал эми айрымдар кыргыз бийлигинин кармануусун дурус деп эсептешет. Себеби эл аралык уюмдарга кайрылып, компенсация төлөтүү үчүн бир топ убакыт керектелет. Жана бул маселеге кылдат мамиле кылуу туура жол экенин белгилешет.

Ал эми жарандык коом бийликтин сабырдуу кадамдары менен макул эмес. Учурда активисттер, юристтер биригип окуя боюнча эл аралык сотко кайрылуу камылгасын көрүүдө.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы чыр-чатакка байланыштуу сабырдуу позицияны карманган Кыргыз бийлиги коңшу мамлекетти ачык айыптоодон алыс болуп жатты.

А арада Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрель күнү Кыргызстандын 200дөй жараны жана аскер кызматкерлери тарабынан Исфара шаарынын Чорку жамаатына кол салуу болгон деген факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тажик тарап кыргыз жарандарын айыптап, күнөөнү оордарган бул билдирүү чыккандан кийин гана Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирүү таратып, Тажикстан басып алуу максатында Кыргызстандын суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салды деп иш козгоду.

Кыргыз бийлигинин кармануу менен мамиле жасоосу дүйнө коомчулугуна бир жактуу маалымат жетип жатканына шарт түзүп жатканын айтып чыккандар да болууда.

Ал эми мурдагы элчи, дипломат Бактыгүл Каламбекова чыккан чырды  чечүүдө, жаралган абалды жөнгө салууда шашып, эптеп эле үстүртөн карап, негизгиси эл тынчып калсын деген мамиле кылбоо керек деп эсептейт.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алып, 50 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Ал эми тажик тарап бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Количество просмотров: 1191