• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Тажикстан бийлиги жеңилдик менен өлкөгө киргизиле турган товарлардын тизмесин бекитти

3 Кулжа 202118:21 Бишкек Govori.TV

Тажикстан өкмөтү кошумча нарк салыгы, акциз жана бажы алымдарысыз өлкөгө кире турган товарларын тизмесин бекитти.

Буйрукка ылайык, Тажикстандын Мамлекеттик материалдык резервдер агенттиги жеңилдик менен өлкөгө 80 миң тонна буудай, 20 миң тонна шекер, 5 миң тонна өсүмдүк майын, 2 миң тонна күрүч жана 5 мин тонна ун, 300 тонна эт, 30 тонна дизель жана 15 миң тонна бензин алып келүүгө укуктуу.

Өкмөт бул баалардын кымбаттап кетишинин алдын алуу үчүн жасалып жаткан чара экенин билдирүүдө.

Азык түлүк, күйүүчү май Ислам өнүктүрүү банкы берген насыянын эсебинен импорттолот.

Количество просмотров: 7714