• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстан коронавирустун жаңы толкунунун алдын алууга киришти

5 Бештин айы 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

Тажикстан бийлиги коронавирустун жаңы толкунунун алдын алууга киришти. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин сунушу менен аэропорттордо жана мамлекеттик чек ара өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлдү.

Министрлик бул чараларды коңшу өлкөлөрдө COVID-19 вирусу күчөй баштаганы менен түшүндүрөт.

Мындан ары аэропорт жана чек арадан өткөн бардык жарандардын дене табы текшерилип, эгер кишинин температурасы жогору болсо, ал жашаган жери боюнча бейтапканага жөнөтүлөт.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өткөн айдын соңунда тиешелүү министрлик менен ведомстволорго коронавирус инфекциясынын жаңы толкунуна жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Расмий маалымат боюнча пандемия маалында Тажикстанда 17 миң 388 киши ковид менен ооруган, анын ичинен 17 миң 264 киши айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда 124 адам өлгөнүн билдирген. Бирок адистер менен жашоочулар расмий статистиканы туура эмес деп эсептешет.

Количество просмотров: 124