• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстан кыргыз аскерлерине карата кылмыш ишин козгоду

3 Бугу 2021 16:47 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрель күнү Кыргызстандын 200дөй жараны жана аскер кызматкерлери тарабынан Исфара шаарынын Чорку жамаатына кол салуу болгон деген факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Тажикстандын Башкы прокуратурасынын пресс-борборуна шилтеме берүү менен жазды.

«Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 104-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 395-беренеси (Агрессивдүү согуш) менен кылмыш иши козголду. Куралдуу кол салуунун кесепетинен Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода жаракат алып, Тажикстандын жарандары каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы окуялар боюнча адам өлтүрүү», «массалык башаламандык», «тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар», «бейбаштык», «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча 11иш козголгонун кабарлаган.

Количество просмотров: 54