• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстан Кыргызстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды

28 Чын куран 2021 16:44 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустенбековго нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер  министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, анда Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын жашы жете элек эки жаранын сабагандыгына байланыштуу нота алган.

«Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин Ворух аймагында тажик өспүрүмдөрүнө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы Кыргызстандын чек арачылары эки тажик окуучусун сабады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлаган.

«Мындай билдирүүлөр ЖМКларга жарыялангандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тажик тарап кыргызстандык чек арачылар тажик окуучуларын кармап, сабады деген фактыны расмий түрдө төгүндөдү. Чек ара өкүлдөрү бул маалымат фейк экенин айтышкан», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Тажикстандын айрым ЖМКлары кыргыз чек арачылары эки тажик окуучусун кармап, ур-токмокко алганын жазып чыгышкан. УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарапты Кыргызстанды себепсиз каралоодон алыс болууга чакырган.

Количество просмотров: 369