• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстан менен Өзбекстан кызматташтык боюнча 28 документке кол коюшту

19 Чын куран 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

Булар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган келишимдер, протоколдор, меморандумдар, жол карталары жана кызматташуу программалары болуп эсептелет.  Өзбек лидери Душанбеге эки күндүк иш сапары менен 18-апрелде барган.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы Өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Эмомали Рахмон журналисттерге бул кызматташтыкты кеңейтүүгө жардам берерин айтты. Анын билдиришинче, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү.

Кол коюлган башка документтер чек ара, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, өнөр жай, аба байланышы, эл аралык кара жол байланышы, көпүрө куруу, айыл чарбасы, ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу, маданият, вирусология, микробиология, молекулярдык биология, эпидемиология, биотехнология жана фармакология, туризм жана кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөө тармактары боюнча кадрларды даярдоону камтыйт.

Тажикстан президентинин айтымында, акыркы 7 жылда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 40 эсеге өсүп, эки өлкөнүн аймагында 400 биргелешкен ишкана иштеп жатат.

Количество просмотров: 52