• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстан Орусиядан террорчу делген жаранынын өлүмү боюнча түшүндүрмө талап кылды

29 Теке 2020 15:01 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Химки шаарында террорчу делинген 19 жаштагы тажикстандык Одил Каюмовдун өлтүрүлүшү боюнча орус бийлигинен түшүндүрмө талап кылды.

27-июлда Орусиянын атайын кызматы Москвадагы эл көп топтолгон жердеги теракттын алдын алганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Химки шаарындагы кароосуз калган гаражда кармалган. Ал каршылык көрсөтүп ок чыгарган маалда өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерден Калашников автоматы, үч куту ок, үч граната жана 19 жаштагы Одил Каюмовдун атына жазылган паспорт табылган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ал Сириядагы террордук топтордун эмиссарлары менен байланышта болгонун, кишилерге жапырт ок атууга камылга көргөнүн билдирген.

Москвадагы тажикстандык мигранттар алар Одил Каюмов деген автосервисте иштеген мекендешин тааный тургандыктарын айтышты. «Эгер ал биз билген Одил болсо, анын теракт даярдаганына ишенүү кыйын. Одилди жакындан билген адамдар «ал ФСБнын өкүлү менен кызматташат, андан оолак болгула» деп эскертишкен», — деди Абдулхайр Рахимов аттуу мигрант.

Укук коргоочу Бахром Хамроев «ыктымал террорчуну» жок кылуу операциясы ФСБнын буга чейинки теракттардын алдын алуу операцияларын эске салып жатканын билдирди. «Алар буга чейинки операцияларын эле кайталашты. Мурдагыдай эле ыктымал террорчу Сириядагы террордук топтордун эмиссарлары менен байланышта болгон деп билдиришти. Өлкөнүн аталышын да өзгөрүшкөн эмес», — деди Хамроев.

Укук коргоочунун айтымында, 2017-жылдан бери «Ислам мамлекети» тобунун эмиссарларына азгырылган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Сирияга барбай калышкан. «Ыктымал террорчу каралбай калган гараждардын арасынан чыгып, теракт жасала турган жерге шашып бараткан деген ФСБнын билдирүүсү күмөн жаратат. Эгер бул версияга ишенсек, ал айланадагылардын көңүлүн бурдурбоо үчүн автоматты рюгзакка катып жүрмөк. Эгер автомат рюгзакта катылган болсо, ФСБ кызматкерлери аны өлтүрбөстөн эле колго түшүрүшсө болмок», — деди Хамроев.

Ал ФСБнын бул «атайын операциясын» — коомчулукту Орусияда уланып жаткан нааразылык акциялардан алаксытуу аракети деп эсептейт.

Количество просмотров: 264