• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тажикстан соттолгон журналисттер эң көп өлкөлөрдүн тизмесине кирди

15 Бештин айы 2022 10:32 Бишкек Govori.TV

«Журналисттерди коргоо комитети» Тажикстанды соттолгон ЖМК өкүлдөрү эң көп 12 өлкөнүн тизмесине киргизди.

Комитеттин 14-декабрда жарыяланган баяндамасында Тажикстанда алты журналист түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылганы белгиленген. Бул Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Баяндаманын авторлору журналисттердин үстүнөн сот жараяндары сот залдарында эмес, тергөө абактарында жабык режимде өткөнүн, айрым айыпталуучулар кыйноолорго даттанганын белгилешкен.

Тажикстанда журналисттер жана блогерлер Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Саидамини, Ульфатхоним Мамадшоева, Мухаммади Султон жана Хушруз Жумаев түрдүү мөөнөттөргө соттолуп, камакта отурушат. Аларга жалган маалымат таратуу, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу, тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу өңдүү айыптар тагылган. Журналисттер менен алардын жакындары бул айыптоолорду четке кагып келишет.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин журналисттер менен блогерлерди эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Тажикстандын бийлиги алардын чакырыктарына эч кандай реакция кылган эмес.

«Журналисттерди коргоо комитети» 2022-жылдын 1-декабрына карата дүйнөдө 363 кабарчы эркинен ажыратылганын, бул өткөн жылдагыдан 20% көп болуп, жаңы глобалдык максимум экенин белгилеген.

«Чек арасыз кабарчылар» аттуу дагы бир эл аралык уюмдун маалыматына караганда, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 533 журналист камалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,4% көп. Кармалган журналисттердин 15% аялдар.

Мындай учурлардын жарымынан көбү беш өлкөгө: Кытай, Мьянма, Иран, Вьетнам жана Беларуска туура келет. Кытайда түрмөдө 110, Иранда 47 медиа кызматкери бар — алардын айрымдарын өкмөткө каршы демонстрацияларды чагылдырганы үчүн өлүм жазасы коркунучу тооруп турат.

Количество просмотров: 97