• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тажикстанда 16 жаштагы кыздын өлүмү боюнча териштирүү башталды

13 Бештин айы 20239:12 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда сөөгү 11-декабрда Каферниган дарыясынан табылган 16 жаштагы кыздын өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, тергөөчүлөр Нозия Исмонзоданын өз жанын кыйган-кыйбаганын тактап жатышат.

Кыздын жоголгону тууралуу алгач социалдык түйүн колдонуучулары жазып чыгышкан. Алардын билдирүүлөрүнө ылайык, мунун алдында кыз дарыянын жээгинде туруп видео-кайрылуу жасап, аны мессенжер аркылуу тааныштарына жөнөтүп жиберген.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Файзабад районунда жашаган Нозия Исмонзоданын сөөгү ал дарыяга кулагандан беш күн өткөндөн кийин табылганын билдирди.

Количество просмотров: 223