• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Тажикстанда 22 кишини өлтүрүүгө күнөөлөнгөн кишинин жазасы катаалдаштырылды

11 Кулжа 2024 9:37 Бишкек Govori.TV

Хатлон облустук соту Элдик фронттун мурдагы командири Хожа Каримовдун жансакчысы Юсуф (Журабек) Салиховду Хуросон районундагы бир үй-бүлөнүн 22 мүчөсүн өлтүрүүгө катышкан деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты.

Бул кылмыш 1992-жылдын 14-октябрында Гозималик районунун (азыркы Хуросон району) Сарбанд айылында жасалган.

Каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири Гүлбону Назарова 10-июнда “Озоди” радиосуна сот эки апта мурун аяктап, мурдагы өкүм өзгөргөнүн кабарлады.

Быйыл февраль айында Бохтар соту Юсуф Салиховду 12 жылга эркинен ажыраткан, бирок соттолгон адамга жалпы мунапыс актысын колдонуп, жазаны 12 жылдан 8 жылга өзгөрткөн.

Хатлон облусунун прокуратурасы жазаны «жеңил» деп таап, Салиховго чыгарылган өкүмдү кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Тажикстандын Жогорку сотуна кайрылган. Юсуф Салиховдун жактоочусу Саид Салимзода, тескерисинче, кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага козголгон иш токтотулушу керек деп эсептейт.

Салихов 2023-жылы июлда Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалып, Душанбеге экстрадицияланган. Андан бери тажик бийлиги бул иш боюнча эч кандай маалымат берген эмес.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, Салихов 10 жоочу менен бирге 1992-жылы күзүндө Хуросон районунда бир үй-бүлөнүн 22 мүчөсүн өлтүрүүгө катышкан. Андан соң алардын сөөктөрүн өрттөшкөн. Үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсү кыргындан аман калган. Салихов өзү сотто чындап эле бул кылмышка катышканын, бирок жеке өзү эч кимди өлтүрбөгөнүн айткан.

Тажикстандын Элдик фронтунун мурдагы командири Хожа Каримов Тажикстандан качып кеткенине дээрлик 19 жыл болгондон кийин Дубайда кармалып, 2020-жылдын февраль айында Бириккен Араб Эмираттарынан мекенине экстрадицияланган. 2022-жылы ал 21 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 75