• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанда 90 килограмм алтын жана $15 млн. аткезчилик боюнча үч бажычы кармалды

19 Бирдин айы 2021 12:17 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар аткезчилик боюнча үч бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Бажы кызматынын өкүлү Рахмонали Рахимзода 18-февралда билдирди.

Анын айтымында, окуя былтыр ноябрда Душанбе эл аралык аэропортунда болгон. Бажы кызматкерлери алтын менен ири өлчөмдөгү акчаны Ооганстандан Тажикстан аркылуу Дубайга (БАЭ) жөнөтүүгө аракет кылышкан.

«Төмөнкү Пяндж» көзөмөл-өткөрмө бекетинде иштеген үч бажычы «шалакылыкка» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деп айыпталууда.

Бул иш боюнча жалпысынан Тажикстандын жети жараны айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын баары кармалып, ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.

Азырынча кармалгандардын аты-жөнү айтыла элек. Айрым басылмалар бул ишке Шугноаск алтын кенинин мурдагы башчысынын эки уулунун тиешеси бар экенин кабарлап жатышат.

Количество просмотров: 245