• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тажикстанда адилетсиз сот чечимдерин сындап жүргөн юрист 8,5 жылга соттолду

14 Үчтүн айы 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда социалдык түйүндөр аркылуу айрым прокурорлор менен соттордун адилетсиз иштерин сындап келген адвокат жана сот аткаруучу Саиднуриддин Шамсиддинов сегиз жарым жылга эркинен ажыратылды.

Ал Кылмыш кодексинин жети беренеси, анын ичинде «Алдамчылык», «Жалган маалымат таратуу» жана «Жер сатууга боюнча мыйзамсыз келишим түзүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Шамсиддиновдун жакындары ал адилетсиз көрүнүштөрдү сындап келгени үчүн соттолду деп эсептешүүдө. Алар сот өкүмү менен макул эмес экенин, жогорку баскычтагы сотко апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдиришти.

«Юрист катары сотто жарандар президентке, Башкы прокуратурага же Жогорку сотко даттанууга укугу бар экенин айттым. Бирок буга карабастан кесиптешимди соттоп салышты», — деди адвокат Файзи Оли.

Айыпталуучу өзү да акыркы сөзүндө бардык айыптоолорду четке кагып, күнөөсү жок экенин айткан.

Количество просмотров: 63