• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан Жахабанын күбөсү соттолду

11 Үчтүн айы 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Хожент гарнизонунун аскердик соту өлкөдө тыюу салынан «Жахабанын күбөлөрү» уюмунун мүчөсү, 22 жаштагы Рустамжон Норовду аскерде кызмат өтөөдөн качуу айыбы менен 3,5 жылга эркинен ажыратты.

«Жахабанын күбөлөрү» аскерде кызмат өтөөнү ылайык көрүшпөйт, алар аскердик форма кийип, колдоруна курал кармай алышпайт. Ошол эле маалда «Жахабанын күбөлөрү» альтернативдүү кызмат өтөөдөн же ыктыярчы болуудан качышпайт.

Рустамжон Норов Хоженттеги аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик форма кийүүдөн баш тарткан. Ошол эле маалда ал альтернативдүү кызмат өтөөгө даяр экенин билдирген. Жигиттин туугандары жана адвокаты соттун өкүмүн өтө катаал деп баалап, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылууга ниеттенишүүдө.

Тажикстанда «Жахаба күбөлөрү» диний уюмунун канча мүчөсү бар экени так белгисиз. 2002-жылы бир катар эскертүүлөрдөн кийин уюмдун иши убактылуу токтотулган жана беш жылдан кийин, тактап айтканда, 2007-жылы тыюу салынган. Бийлик өкүлдөрү бул уюмдун мүчөлөрүн «Дин жана диний уюмдар тууралуу» мыйзамды такай бузат деп айыптаган. Жахабачылар болсо тынымсыз куугунтукка кабылышарын, тартип коргоо органдары тандап алган дин жолунан кайтууга мажбурлашарын айтып арызданып келишет.

Количество просмотров: 20