• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Тажикстанда балдардын айттоосуна тыюу салынды

15 Бугу 2024 16:29 Бишкек Govori.TV

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Орозо айт жана Курман айт күндөрү «идгардак» (айттоо) деп аталган балдардын майрамдык сейилдөөсүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдү жактырды.

«Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр парламентте 8-майда талкууланып, кийин анын түшүндүрмөсү парламенттик гезитке жарыяланды.

Ага ылайык, өзгөртүүлөр мыйзамдын расмий майрамдар жөнүндө айтылган 9-беренесине киргизилди. Билдирүүдө өзгөртүүлөрдүн негизги максаты – балдардын Орозо жана Курман айт күндөрдөгү коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды туура тарбиялоо экени белгиленген.

Тажик коомчулугунда «идгардак» салтына байланышкан талаш-тартыштар көп жылдан бери уланып келет. Ал быйыл апрелде Билим берүү министрлиги мектептерге расмий каттарды жөнөтүп, мугалимдерди аталган майрам күндөрү балдардын сейилдөөсүнө жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө чакыргандан кийин күчөгөн.

Бир нече жыл мурда Тажикстандын Уламалар кеңеши айттоо шарияттын нормаларына жана ханафи масхабынын окууларына каршы келет деп тапкан. «Исламда мындай салт жок», – деп билдиришкен анда кеңештен.

Бирок айрым маданият таануучулар «идгардак» салты тажиктердин каада-салтына жана улуттук маданиятына каршы келбей турганын белгилеп келишет. Алардын айтымында, айттоо тескерисинче коомдо жылуу сезимдерди жаратып, байланыштарды бекемдейт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл Орозо айт майрамына карата жасаган билдирүүсүндө дагы бир жолу жарандарды ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырган.

Количество просмотров: 70