• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстанда бейтаптын өлүмүнө айыпталган дарыгер алты жылга соттолду

21 Аяк оона 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

Душанбедеги тез жардам ооруканасынын дарыгери Расул Хожиев алты жылга эркинен ажыратылды. 19-сентябрда шаардын Шохмансур райондук соту аны бейтап Севинч Шүкүрованын өлүмүнө алып келген катачылыгы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Расул Хожиев бул чечимге макул эместигин айтып, даттанууга ниеттенип жатканын билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Хожиев жаза мөөнөтү аяктагандан кийин үч жыл бою медициналык ишмердүүлүк менен алектене албайт.

Севинчтин апасы Шоира Зухурова «Озоди» радиосуна курган маегинде соттун чечимине канааттанганын билдирди. «Балким, кимдир бирөөлөр кызыңды кайтарып ала албайсың деп, мени туура эмес түшүнүшү ыктымал. Бирок мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн бул окуя дарыгерлерге сабак болушу керек», — деди ал.

Быйыл апрелде Шоира Зухурова ак халатчандардын катасынан улам 17 жаштагы кызы каза болуп калганын социалдык тармактарга жазган. Ал дарыгерди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен борбор калаанын мэри Рустам Эмомалиге жана президенттик аппараттын жетекчиси Озода Рахмонго кайрылган. Көп өтпөй 17 жаштагы Севинч Шүкүрованын өлүмүнө байланыштуу Душанбедеги тез жардам ооруканасынын дарыгери Расул Хожиев кармалган.

Кыздын өлүмүнө «Лидаза» дарысынан келип чыккан анафилактикалык шок себеп болгону айтылган. Бирок Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги аталган дарыдан анафилактикалык шок болгон учурлар катталбаганын, бейтаптын башка көйгөйү болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, 2023-жылдын алты айында Тажикстанда дарыгерлерге карата 41 кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 130