• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда үч аптадан бери рубль арзандоодо

11 Теке 2023 16:06 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда орус рублинин курсу үч жумадан бери төмөндөп жатат. Июнь айынын аягында 1000 рубль 125 сомони болсо, азыр 115 сомони болууда. Июндун башында 1000 рубль 132 сомониге бааланып жаткан. Тажикстандын экономикасы жана экспорту негизинен Орусияга жана орус валютасына байланыштуу.

Тажикстандын Улуттук банкынын чечимине ылайык, 2016-жылдан бери чет өлкөлөрдөн которулган каражаттар жергиликтүү валютада бериле баштаган. Тажиктер рублдин күчтүү болушун каалашат, анткени Орусиядагы эмгек мигранттары акчаны дал ушул валютада табат.

«Уулум Орусияда иштеп жүрөт. Ай сайын андан акча күтөбүз. Мурда жакшы болчу, азыр рублдин курсу абдан төмөн. Бүгүн уулум 2000 рубль жөнөттү, банк 238 сомони берди», — дейт Душанбе шаарынын тургуну Мукаррама Бобоева.

Орусияда да өткөн айдан бери улуттук акча арзандоодо: евро 101 рублга, доллар дээрлик 94 рублга жетти. Экономисттер Евгений Пригожиндин козголоңу терс кесепетин тийгизгенин белгилешүүдө.

Өлкөдөгү жумушсуздуктан жана айлык акынын аздыгынан жыл сайын жүз миңдеген тажик жараны Орусияга кетүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, тажик үй-бүлөлөрүнүн 75% жакыны Орусиядан келген акчанын эсебинен жашайт. Эгер орус валютасы арзандаса, бул Тажикстандагы көптөгөн жарандардын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизет.

Количество просмотров: 112