• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Тажикстанда чек арачы офицер 146 килограмм маңзат менен кармалды

22 Бештин айы 202017:03 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара башкармалыгынын офицери маңзат аткезчилигине шектелип кармалды.

Бул маалыматты өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) ырастап, ага лейтенант аскердик наамындагы офицер 18-декабрда 146 килограмм баңгизаты менен кармалганын билдирди.

«146 килограммдын 101 килограммы апийим, калганы гашиш. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдирди ИИМдин өкүлү.

Тажикстандын Маңзатка көзөмөл жүргүзүү агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын 11 айында аткезчилерден 2 тонна 236 килограмм баңгизат алынган.

Количество просмотров: 160