• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстанда эт менен өсүмдүк майы кымбаттады

25 Жалган куран 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда бензин кымбаттагандан кийин эт менен өсүмдүк майынын баасы да жогорулады.

Күйүүчү май март айынын башынан бери 12% кымбаттады. Айрым май куюучу жайларда суюлтулган газ менен дизель гана сатылууда. Кээ бир компаниялар бензин сатууга чектөөлөрдү киргизсе, башкалары туруктуу кардарларына гана кызмат көрсөтүп жатышат. Акыркы күндөрү суюлтулган газдын бир литри 4,20 сомониден 4,70 сомониге чейин кымбаттады.

Нооруз майрамынын алдында өлкөдө эт менен өсүмдүк майынын баасы да жогорулады. Душанбе базарында буга чейин бир килограммы 50-55 сомониден сатылып келген сөөктүү уй эти бүгүн 60 сомониден (5 доллар) ашты. Сулп эттин баасы 70 сомониге чейин жетүүдө. Койдун жана эчкинин эти мындан кыйла кымбат сатылууда.

Сатуучулар эт баасынын жогорулашы малдын кымбатташына байланыштуу экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, уйдун бир килограмм этин өндүрүүчүлөрдөн 58 сомониден алып, 60 сомониден сатып жатышат.

Мындан тышкары өлкөдө өсүмдүк майы да кымбаттады. Буга чейин беш литрлик май 90-92 сомони болсо, бүгүнкү күндө 100 сомониден ашык баада сатылууда. Буга байланыштуу жарандардын көбү эттен баш тартып, өсүмдүк майын азыраак колдонууга өтүшкөнүн билдирип жатышат.

Количество просмотров: 259