• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды

15 Жалган куран 2021 16:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып, кошуна өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан кармалган Баткен облусунун беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен өздөрүнө берилди. Кыргызстандын бул жарандарына Тажикстандын мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан бошотулду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун үч тургуну Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кайтарылган. Анткени алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалганы үчүн эскертүү гана берилген.

«Учурда облустун чек аралаш аймактарында чек арадан өтүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган. Учурда облустун чек аралаш аймактарында, чек арадан өтүү эрежелери боюнча, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган. КРнын Баткен жана ТРнын Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча, эртең 16-мартта КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмурбек Суваналиев, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин суранычы боюнча, пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат. Белгилей кетсек учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 130