• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстанда кармалып турган жарандын туугандары митингге чыкты. Чек ара кызматы эмне дейт?

12 Жетинин айы 2021 17:45 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 18-сентябры Тажикистандын аймагында Кыргызстандын 1977-жылы туулган Тажикистандын Гафуров районунун Жийделик айылында жашаган Саидакмат Артыков кармалганыдыгын маалымдады.

«2021-жылдын 27-октябрында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын жетекчилери жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тажик тараптын маалыматы боюнча С. Артыков мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалган. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргызстандын жаранын кайтарып алуу боюнча баардык аракеттерди көрүп жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасында кармалган Кыргызстандын жараны Саидакмат Артыковдун жакындары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 258