• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда кичи автобус жардан кулап, 6 киши каза болду

2 Бугу 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Согд облусунда кичи автобус жардан кулап, алты киши каза болду. Журналист Холикназар Жумаев «Фейсбуктагы» баракчасына «Душанбе-Хожент-Чанак» унаа жолундагы кырсыкта өлгөндөрдүн баары Согд облусундагы бир айылдын тургундары экенин жазды. Кырсыктан жараат алган төрт киши ооруканага жеткирилген.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Starex үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, 200 метрлик жардан кулап кеткенин билдирди.

«Куткаруучулар альпинисттик шаймандар менен жарга түшүп, айдоочунун жана беш жүргүнчүнүн сөөгүн алып чыгышты», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталды.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2022-жылы Тажикстанда 1 100гө жакын жол кырсыгы катталып, алардан 416 киши өлүп, миңден ашыгы жараат алган. Эксперттер буга айдоочулар менен жөө адамдардын жол эрежелерин сактабаганы, айдоочулук күбөлүктү сатып алуу көрүнүштөрү жана өлкөдө тиешелүү жол инфраструктурасынын жоктугу себеп болгонун билдирүүдө.

Количество просмотров: 73