• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 2140 кишиге жетти

21 Бугу 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыккандар 2140 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 20-майда билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде дагы 204 адамдан вирус табылды.

470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. Баш-аягы 3500дөн ашуун кишинин абалына дарыгерлер көз салып жатат.

Тажик бийлиги соңку эки күндөн бери COVID-19 илдетинен эч ким кайтыш болбогонун, курмандыктардын жалпы саны 41 адам боюнча экенин билдирди. Бирок социалдык тармактарга жарыяланган расмий эмес тизмеде Тажикстанда 270 адам пневмониядан каза болгонун белгиленген.

Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 218 адамдан коронавирус табылды. Алардын 50дөйү Чымкент шаарына туура келет. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 6959 кишиге жетти. 3598 айыгып чыкса, 35и кайтыш болду.

20-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2880 кишиге жетти. 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

Количество просмотров: 72