• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу өттү

11 Баш оона 2023 10:59 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Душанбе шаарында болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.

Количество просмотров: 91