• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда кызматтык автоунаасы өрттөлгөн прокурор иштен алынды

15 Кулжа 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Быйыл февралда Куляб шаарында кызматтык автоунаасы өрттөлгөн Хатлон облусунун Восей районунун прокурору Жуманазар Сайидахамадзода кызматтан алынды.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, прокурорду иштен алууга тургундардын көптөгөн даттануулары себеп болгон.

Азырынча Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

«Озодинин» укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, бийлик прокурордун автоунаасынын өрттөлүшүн анын адилетсиз чечим чыгарганы менен байланыштырууда.

«Автоунаасы өрттөлгөн күндөрү Башкы прокуратурага Сайидахамадзодага каршы арыз келип түшкөн. Анын автору эмнеге даттанганы белгисиз. Восей районунун прокурору кызматтан бир ай мурда алынган», – деди «Озодинин» булагы.

Быйыл 13-февралга караган түнү Куляб шаарында Восей районунун прокурору Жуманазар Сайидахамадзоданын кызматтык унаасы өрттөлгөн.

17-февралда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон автоунааны өрттөө шеги менен Восей районунун мурдагы нотариусу Жумахон Ганиматзода кармалганын билдирген. «Бул кылмышты райондук прокурордун сунушу менен кызматтан алынган мурдагы нотариус жасаганы аныкталды. Ал прокурордон өч алуу үчүн автоунаасын өрттөп жиберген. Мурдагы нотариус кармалып, тергөө иштери башталды», – деген башкы прокурор.

Жумахон Ганиматзодага каршы «Мүлккө атайылап зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал күнөөлүү деп табылса эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 59