• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда парламент менен өкмөттүн жаңы имараттары 2024-жылы пайдаланууга берилет

2 Баш оона 2023 16:09 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Кытайдын инвестициясына курулуп жаткан парламенттин жана өкмөттүн имараттары 2024-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Тажикстандын Архитектура жана курулуш комитетинин башчысы Низом Мирзозода билдирди.

Парламент менен өкмөттүн жаңы имараттарынын курулушун кытай компаниялары 2018-жылы баштаган. Анда бул курулушка Бээжин 1,5 миллиард юань бөлөрү айтылып, эки өлкөнүн мамлекет башчылары имараттардын макетин салтанаттуу түрдө ачкан.

Тажик бийлиги курулушка Кытайдын каражат бөлгөнүн «ынак коңшу өлкөнүн чын дилден берген каржылык колдоосу» деп атаган. Бирок айрым серепчилер бул Кытайдын Душанбеге таасирин күчөткөн дагы бир кадамы болгонун айтып келишет.

Количество просмотров: 77