• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстанда паспортун көрсөтпөгөн жарандарга селитра сатууга тыюу салынды

18 Бугу 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда айыл-чарба тармагында өтө популярдуу эсептелген аммиак селитрасы эми паспортун көрсөткөн жарандарга гана сатыла баштайт.

Жер семирткич сатуу менен алектенген тургундардын бири милиция кызматкерлери мындан ары селитраны паспорту жок адамдарга саткандар жазаланарын эскерткенин билдирди.

Өзүн Арбобуддин Кулдошов деп тааныштырган багбан бир ай мурда селитра сатып алганын, сатуучу анын паспортунун көчүрмөсүн алып, жеке маалыматтарын, селитранын көлөмүн атайын дептерге жазып алганын айтты.

«Милиция селитраны паспортун көрсөткөндөргө гана сатуу чечими – коопсуздук чараларына байланыштуу экенин билдирген. Алардын айтымында, селитраны жардыруучу заттарды даярдоого колдонсо болот экен», – деди ал.

Дыйкандар менен багбандардын айтымында, жер семирткичтердин айрым түрлөрүн сатуудагы мындай чектөөлөр бир нече жыл мурда эле кабыл алынган, бирок акыркы жылдары ага көп көңүл бурулбай келген.

Эки ай мурда Тажикстанда курулуш материалдарынын айрым түрлөрү, анын ичинде мык паспорту жок адамдарга сатылбай калган. Анда бул чечим боюнча эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Количество просмотров: 33