• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тажикстанда рублдин куну кайра түштү

21 Кулжа 202316:05 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын валюта рыногунда орус рублинин курсу төмөндөөдө. Бир жума мурун 1000 рубль 132 сомониге бааланса, бүгүн ушундай суммага 126 сомони алууга болот.

Тажик мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү орус валютасынын куну түшүп жатканына тынчсызданышууда.

Тажикстанда орус валютасынын арзандашы январь айынан бери уланууда – анда 1000 рубль 148 сомониге тете болгон.

Расмий маалыматтар боюнча тажикстандыктардын 75% жакыны Орусиядагы акча которуу менен жашайт.

Количество просмотров: 96