• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тажикстанда телефондорду каттоодон өткөрүү тартиби күчөтүлдү

11 Үчтүн айы 2024 9:31 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Бажы кызматы өлкө тургундары уюлдук телефон же планшет сатып аларда сатуучулардан бажы төлөмдөрү төлөнгөн же төлөнбөгөнүн сурашы керектигин билдирди.

Мекеме сим-карта менен иштеген аппараттардын баары бажы бекеттеринде каттоодон өтүшү керектигин, антпесе товар контрабандалык жүк болуп эсептелерин эскертет.

IMEI каттоо жана гажеттерге бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча эреже Тажикстанда бир топ талаш-тартыштарды жаратты. Уюлдук аппараттардын ээлерине телефонду каттоо үчүн милдеттүү түрдө төлөм жүргүзүүнү талап кылган СМС билдирүүлөр келүүдө.

Мурдараак “Озоди” радиосу IMEI каттоо үчүн колдонуучулардан 50 сомони талап кылынарын, бир жыл мурун бул процедура бекер болгонун жазган.

Эксперттердин айтымында, IMEI кодду атайын кызматтар тармактагы белгилүү адамдарды көзөмөлдөө үчүн да колдонот. Бирок бийлик бул чара аткезчиликтин алдын алуу деп эсептейт.

Количество просмотров: 68