• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Тажикстанда ВИЧ инфекциялуу жигит күч менен аскер комиссариатына жеткирилди

14 Чын куран 2023 17:33 Бишкек Govori.TV

ВИЧ илдетин жуктуруп алган Душанбе шаарынын тургуну үч жолу аскер комиссариатына күч менен жеткирилген. Анын айтымында, ден соолугуна байланыштуу аскерге чакырылбай турганын тастыктаган медициналык документтерди көрсөткөндөн кийин гана бошотулган.

Жигит аскерге күч менен алып кетишет деп коркуп, сыртка чыга албай калганын айтат. Тажикстанда ВИЧ инфекциясы барлар аскерге кабыл алынбайт.

«Мени ушуну менен үчүнчү жолу аскердик комиссариатка күч менен алып барышууда Ал жакта сөзүмө ишнебей, медициналык комиссиядан өтүүнү талап кылышат», — деди ал.

Жаш жигит ВИЧ инфекциясын төрт жыл мурун Орусиядан жуктуруп алган. Илдети тууралуу туугандары билбейт. Вич инфекциясы бар кишилердин көбү жаман мамиледен, атүгүл кыйноодон коркуп, оорусун жашырып келишет.

Дилрабо Самадова жана анын “Жарандык эркиндиктер кеңсеси” уюмундагы кесиптештери бир нече жылдан бери жоокерлердин укугун коргоп келишет. Алар Вич инфекциялуу жаранды аскерде кызмат өтөөгө мажбурлоо – өтө сейрек көрүнүш экенин белгилешти.

Тажикстандагы СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун маалыматына караганда, 1991-жылдан азыркы убакытка чейин Тажикстанда 14 миңдей оорулуу катталган. Алардын ичинен 3500дөй киши көз жумду.

Количество просмотров: 84