• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тажикстанда жаш жоокерлердин сабалышы катуу нааразылык жаратууда

25 Чын куран 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде аскерге жаңы чакырылган жоокерлердин катуу сабалышы тартылган видео социалдык тармактардын колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Бийлик буга реакция жасай элек.

24-апрелде интернетте жаш жоокерлерди кенже командирлер же мурда келген жоокерлер сабаган видео пайда болгон. Интернетте жарыяланган кадрларда алар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот. Видео кайсы жерде жана ким тарабынан тартылганы белгисиз.

Бул видео соцтармактардын тажик сегментинде катуу талкуу жаратты. Колдонуучулар тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышты.

Жоокерлердин сабалышы тартылган видео тажик армиясында азыркыга чейин “үстөмдүк, чоңсунуу” бар экенин далилдейт.

Тажикстанда аскерге жазгы чакыруу жүрүп жатат. Бийлик армияда өз эрки менен кызмат өтөөнү каалагандар артып баратканын билдирүүдө.

Количество просмотров: 88