• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Тажикстанда жоокердин өлүмүнө күнөөлөнгөн сержант 13 жылга соттолду

11 Чын куран 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Хатлон аскердик гарнизонунун соту сержант Сиддик Саъдуллоевду 13 жылга катуу режимдеги колонияга соттоо тууралуу өкүм чыгарды. Сот аны 20 жаштагы жоокер Мирали Бокевдин өлүмүнө күнөөлүү деп тапты.

Маркумдун туугандары Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына караштуу №0507 аскердик бөлүгүнүн дагы эки офицерине каршы даттанууга ниеттенишүүдө. Алар офицерлерди кайгылуу окуянын алдын алышкан эмес деп айыптап жатышат.

Хатлон аскер гарнизонунун соту кабарлагандай, сот отуруму бир апта мурун өткөн. Ага маркумдун туугандары да катышкан. Сержант Сиддик Саъдуллоев “кызмат абалынан ашкере пайдаланган” деп таанылып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Саъдуллоев күнөөсүн мойнуна алган-албаганы белгисиз.

Маркум жоокердин атасы Келдиёр Бокиев соттун өкүмүнө канааттанганын, бирок башка эки офицер жазага тартылбаганына өкүнүп жатканын айтты.

“Сот өкүмү окулардан мурун биз судьядан аскердик бөлүктүн эки командирине сержант баламды уруп-согуп жатканда неге арачага түшкөн жоксуңар деп суроону өтүндүк. Судья аларга бул суроону берди, бирок жооп болгон жок”, — деди Келдиёр Бокиев.

Мамлекеттик айыптоочу мурун Сиддик Саъдуллоевди 14 жыл 8 айга эркинен ажыратууну сураган.

Мирали Бокиев аскерге былтыр май айында чакырылган жана 17-январда Фарох районундагы блокпостто армияга мурдараак келген жоокер тарабынан катуу сабалган. Анын сөөгү 19-январда жерге берилген.

Количество просмотров: 426