Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Тажикстандын катуу кайтарылган түрмөлөрүнүн биринде козголоң чыгып, аны токтотуу учурунда 29 адам өлүп, алардын үчөө түрмөнү кайтарган аскерлер экени такталган.Тажикстан бийлиги кабарлагандай, баш аламандык уюштургандар «Ислам мамлекети» тобунун абакта жазасын өтөп жаткан согушкерлери болгон.
Маалыматка ылайык, абактагы тополоң жекшемби күнү кечки сегиз жарымда Вахдат шаарындагы №3/2 түзөтүү колониясында башталып, түрмөдө кармалып жаткан «ИМ» тобунун катарындагы 30 адам тополоң чыгарган. Качып кетүү планын ойлоп, үч офицерди барымтага алышып, бычак сыяктуу курч куралдар менен аларга кол салып, өлтүрүшкөн.
Аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги “Учурда, абактагы соңку окуя боюнча Башкы прокуратура иликтөө иштерин баштап, 1500 айыпкер кармалып турган абак жайды аскерлер катуу кайтарып жатат”,-деп кабарлаган.
Эсиңиздерге салсак, мындай кандуу тополоң өткөн жылы ноябрь айында дагы катталган.