• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстандын агрессиясында ЖККУ эмнеге жардам бербегени айтылды

25 Үчтүн айы 2023 14:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Тажикстандын агрессиялуу куралдуу кол салуусунда эмне үчүн ЖККУ жардам бербегенин кызыкты.

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов Тажикстан басып киргенде Кыргызстан ЖККУдан жардам сурап кайрылбаганын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУнун жардамына муктаж болгон эмес.
«Уюм кайрылуу болгондо гана реакция кыла алат. Биз кылган жокпуз», — деди ал.
Мындан сырткары, Алмазбек Карасартов Кыргызстанга ЖККУ керек деп эсептей турганын кошумчалады.

«Бул менин жеке пикирим. Дүйнөдө эмне болуп жатканын карагыла. Мен ЖККУ бардык бул коркунучтарга каршы тура алат деп ишенем», — дейт.

Коргоо министринин орун басары уюмдун ишине Армениядан башка бардык мүчөлөр активдүү катышып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 504