• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстандын кол салуусу. Чек арада каза болгондордун саны 46га жетти

18 Аяк оона 2022 18:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрь саат 17:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгондордун саны 46га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Ошентип, мерт кеткендердин саны 46 адамга жетти», — деп айтылат маалыматта

Саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпы 140 адам кайрылган, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда — 71;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

4. Тез жардам ооруканасы — 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 бейтап жаткырылган.

Количество просмотров: 319