2022-жылдын 24-сентябры саат 12:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу Медиа штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 198 адамды түзүп, анын ичинен 62 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
«Жабыркагандардын 13ү балдар, 171и эркектер жана 14ү аялдар. Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар», — деп айтылат маалыматта.