• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстандын президенти Парижге барды

13 Тогуздун айы 2021 16:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бельгиядагы расмий сапарын аяктап, 12-октябрда Брюсселден Парижге барды.

Расмий сапардын алкагында Рахмон Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугат.

Ооганстандагы азыркы кырдаал Париждеги сүйлөшүүлөрдө башкы тема болору күтүүдө. Франция менен Тажикстан биринчилерден болуп талибдердин бийлигин таанууга каршы чыгышкан.

Эмомали Рахмон Европага барардын алдында Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо комитети Европаламенттин жетекчилигине кайрылып, оппозициянын алты талабын тажик президентине жеткирүүнү өтүнгөн. Укук коргоочулар Европа биримдигинен Рахмонду саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууга, аларды түрмөдөн бошотууга, саясий партиялардын эркин иштөөсүнө уруксат берүүгө, ооган качкындарын өлкөгө киргизүүгө чакырууну өтүнүшкөн.

Эмомали Рахмон Париждеги сапарынын алкагында «Тажикстан – алтын дарыялардын мекени» көргөзмөсүнө катышып, ЮНЕСКОдогу Тажикстандын Маданий күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөйт.

Рахмондун Бельгия жана Франциядагы сапары учурунда бозгунда жүргөн тажик оппозициячылары Тажикстан бийлигинин саясатына каршы нааразылык акцияларын уюштурушту.

Эмомали Рахмондун Европа өлкөлөрүндөгү расмий сапары 14-октябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 45