• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги нота менен жооп кайтарды

9 Бугу 2020 22:53 Бишкек Govori.TV

8-майдагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан чыккан чырга байланыштуу бүгүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков чакыртылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана жарандарынын чагымчыл аракетинин натыйжасынан ок атышуу орун алгандыктан, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элчиге нааразычылык нотасын тапшырган.

“Элчиге Кыргызстандын жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин куралдуу жаңжалга алып келген чагымчыл аракеттерине байланыштуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды”,- деп айтылат маалыматта.


Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин билдиришинче, «чыр-чатакка кыргыз жаранынын ок атуусу, анын артынан кыргыз чек арачыларынын ушул сыяктуу эле аракети түрткү берип, Тажикстандын аскерлери жооп чара көрүүгө мажбур» болгон. Маалыматта окуядан эки тажик жараны жараат алып, ооруканага түшкөнү белгиленген.

Эске салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжал чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон.

Количество просмотров: 1758