• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстандын УКМКсы 5 кыргызстандыкты кармады

22 Бирдин айы 2021 11:00 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети беш кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар ​​билдирди.

16-февралда беш кыргызстандык Тажикстанга мал базарына кеткени такталды. Кайтып келишкенден кийин, алар миграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен кармалган.

Үчөө Кадамжай районунун, экөө Баткен районунан экени белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир нече тажик жаранын кармашкан.

Количество просмотров: 184