• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Тажикстандын уюлдук операторлору бааларды жогорулатуу ниетинде

24 Чын куран 2024 9:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда телекоммуникациялык кызматтарды көрсөткөн провайдерлер кайрадан уюлдук байланыш жана Интернет үчүн тарифтерди жогорулатууга ниеттенип жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Байланыш кызматы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө айрым провайдерлер «кандай гана жол менен болбосун» уюлдук байланыш кызматтарынын баасын жогорулатууга аракет кылып жатканы жазылган. Ошол эле маалда билдирүүдө кеп кайсы уюлдук компаниялар жөнүндө болуп жатканы жана тарифтер канча пайызга жогорулашы мүмкүн экени көрсөтүлгөн эмес. Азырынча бул боюнча өлкөнүн провайдерлери расмий билдирүү жасай элек.

Байланыш кызматы кезектеги жолу уюлдук байланыш үчүн тарифтерди жогорулатууга макул эмес экенин билдирип, провайдерлерди «эч кандай негизсиз жана жакшы ойлонулбаган кадамдарга барбоого» чакырды.

Быйыл январдын аягында Тажикстандагы «Мегафон», «Вавилон» жана Тcell уюлдук операторлору 1-февралдан тарта тарифтерин жана кызмат акыларын жогорулата тургандыктарын билдиришкен. Анда уюлдук операторлордун биринин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери бааларды жогорулатууга электр энергиясынын кымбаттаганы себеп болгонун билдирген. Тажикстанда 1-январда кезектеги жолу электр жарыгына тарифтер жогорулаган.

«Электр энергиясынын кымбатташы уюлдук компаниялардын чыгымдарын көбөйттү. Анткени биздин жабдыктардын баары, анын ичинде базалык станциялар да электр менен иштейт. Ошондуктан тарифтер менен кызматтардын баасын көтөрүү чечими кабыл алынган», – деген ал.

24-январда Байланыш кызматы билдирүү таратып, уюлдук операторлордун бул чечимин сынга алып, алардан мурдагы тарифтерди калтырууну талап кылган.

«Уюлдук операторлордун бул чечими байланыш кызматтарынын баасын төмөндөтүү боюнча жогорку жетекчиликтин максаттарына каршы келет. Абоненттерди СМС-билдирүүлөргө көңүл бурбоого жана тарифтерди мурдагы баалар менен колдонууну уланта берүүгө чакырабыз», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

25-январда үч уюлдук компания тең тарифтерди жогорулатуу ниетинен баш тартканын билдиришкен.

2018-жылы жайында тажик бийлиги сим-карталардын баасын 250 сомони деңгээлинде бекиткен. Бирок жарандардын нааразылыгынан улам бул чечим кайра жокко чыгарылган. 2019-жылы өкмөт 1 гигабайт интернеттин баасын 62 деп белгилеген. Бирок бул чечим да колдонуучулардын көптөгөн даттанууларынан кийин жокко чыгарылган.

Байланыш кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстанда уюлдук операторлордун абоненттеринин жалпы саны 8,3 миллионго жетет. Алардын 6,4 миллиону активдүү колдонуучу.

Количество просмотров: 65