• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстандын жашоочулары жарык өчүп, үйлөр жылыбай жатканына даттанууда

17 Үчтүн айы 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда суук аба ырайы жуманын аягына чейин сакталат.

Гидрометерология агенттигинин маалыматына караганда, 21-январга чейин Душанбе жана республикалык маанидеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -8-9 градус суук, күндүз 1-2 градус болот.

Синоптиктердин божомолунда Согд облусунда Душанбеге караганда суугураак болот: абанын температурасы бул аймакта түнкүсүн -11 градус, күндүз -2-3 градус суук. Тоолуу Бадахшан автоном облусунда мындан да суугураак: түнкүсүн абанын температурасы 22 градуска чейин түшүп, күндүз -5 градус болору күтүлүүдө. Синоптиктер мындай катуу суук акыркы 15 жылдан бери катталбаганын белгилешүүдө.

10-январда Орусиядан Борбор Азия аймагын көздөй урган муздак арктикалык циклон Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Ооганстан жана башка өлкөлөрдү толугу менен каптап калды. Бул күндөрү Тажикстандын жашоочулары электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, үйлөр жакшы жылыбай жатканына даттанууда.

Количество просмотров: 94