• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанга кытай вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилди

21 Кулжа 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

20-июнда Тажикстанга Кытайдын «Sinovac Research & Development Co. Ltd» компаниясынын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы 300 миң доза вакцина жеткирилди.

Бээжинден атайын чартердик каттам менен келген учак Душанбенин эл аралык аэропортуна конуп, аны жогорку кызматтагы тажик аткаминерлери жана Кытайдын Тажикстандагы элчиси тосуп алышты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги CoronaVac вакцинасы атайын кампаларда сакталып, буга чейин белгиленген планга ылайык колдонуларын кабарлады.

Бээжин Тажикстанга коронавируска каршы өз өндүрүшүндөгү вакцинаны бекер бере турганы быйыл 1-мартта, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болгон.

Быйыл март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) «COVAX» программасынын алкагында Тажикстанга 192 миң доза AstraZeneca вакцинасы жеткирилип, 23-мартта коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 80 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Ошол эле маалда өлкө жарандарынын көбү AstraZeneca вакцинасына ишенбей жатканы айтылып келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 308 кишиге коронавирус жугуп, 90 бейтап каза болду. Бирок көз карандысыз булактар өлкөдө бул илдетке кабылгандар жана андан көз жумгандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин билдирип келишет.

Количество просмотров: 74