• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Тбилисиде «чет элдик агент» мыйзамына каршы акцияларга катышкан дагы алты киши кармалды

10 Бугу 2024 11:46 Бишкек Govori.TV

Тбилисиде 8-9-майда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акциянын дагы алты катышуучусу камакка алынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер департаментинин директору Сулхан Тамазашвили билдирди.

Анын айтымында, алтоо тең полиция кызматкерлерине кол салуу жана башка адамдардын мүлкүнө зыян келтирүү беренелери боюнча айыпталган.

Кармалгандардын бири 16-апрель күнү күзөт кызматкерине кол салып, анын кесепетинен тартип сакчысы көзүнөн жаракат алган;

Дагы бири 16-апрелдеги митингде полициянын патрулдук унаасына зыян келтирген;

Эки киши 1-2-майда болгон нааразылык акцияларында видео көзөмөл камераларын талкалоого айыпталууда;

Камакка алынган бир адамга 1-майда парламенттин дарбазасына зыян келтирген деген айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол эле адам парламенттин короосуна чогулган полициячыларды көздөй таш ыргытып, анын кесепетинен тез жардам кызматынын бир кызматкери жаракат алган;

Алтынчы адам 1-майда мамлекеттик күзөт кызматынын имаратында орнотулган көзөмөл камерага зыян келтиргени айтылууда.

Бул арада Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы митинг учурундагы кол салуу боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Окуя 8-майдын кечинде болгон.

Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелаури эл аралык мамилелер боюнча адис Гия Жапаридзе, активист Лаша Гвинианидзе жана оппозициялык «Улуттук кыймыл» партиясынын мүчөсү Дмитрий Чикованиге жасалган кол салуу толук иликтенип чыгарын, кандай гана кол салуу болбосун, айыптоого жатарын айтты.

Орусиянын оппозицияны жана сөз эркиндигин чектеген «чет элдик агент» мыйзамына окшош деп сынга кабылып жаткан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген, азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган «Грузин кыялы» сунуштоодо.

Оппозиция ага каршы чыгып, дээрлик бир айдан бери борбор калаа Тбилисиде он миңдеген кишилер катышкан митингдерди уюштуруууда.

Митингчилер менен полиция да бир нече жолу кагылышып, аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка химиялык зат чачып, суу бүркүүчү автомашиналарды колдонгон.

Талаштуу мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда карап, кабыл алган.

Количество просмотров: 74