• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тбилисиде парламент имаратынын алдына миңдеген адам чыкты

26 Жетинин айы 2019 9:06 Бишкек Govori.TV

Тбилисиде парламент имаратынын алдында оппозициянын миңдеген адам катышкан митинги өтүп жатат. Алар мажоритардык-пропорционалдык системадан баш тартып, 2020-жылкы парламенттик шайлоону партиялык тизме менен гана өткөрүүнү талап кылышууда.

Буга шайлоо системасын өзгөртө турган мыйзам долбоорунун кабыл алынбай калгандыгы себеп болду. 25-ноябрда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын башкы катчысы Кахи Каладзе парламент шайлоо системасын кайрадан карабай турганын айтып, оппозицияны «кийинки жылдагы шайлоого даярданууга» чакырган.

Бирдиктүү оппозиция лидерлери миллиардер Бидзин Иванишвилинин «Грузин кыялы» партиясы мунасага келүүдөн баш тарткандыктан, демонстранттар шейшемби күнү парламент имаратынын кире беришин кайрадан тосуп алып, пленардык сессия өткөрүүгө мүмкүндүк бербей тургандыктарын айтышты.

18-ноябрда демонстранттар парламент имаратын курчап алып, мыйзам чыгаруу органынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Бирок көп өтпөй ИИМ аларды кууп таратып, 37 адамды кармаган.

Учурда Грузияда аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, калганы мажоритардык система менен шайланат.

Количество просмотров: 92