• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Ж. Сатыбалдиев,саясатчы: ТЭЦ боюнча $20 млн. чай үстүндө чечилген (видео)

11 Чын куран 201814:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.04.2018. Govori.TV.

«ТЭЦти модернизациялоо туура чечим болгон». Бул боюнча экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин ТЭЦ боюнча комиссиясынын жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө, модернизацияциялоо боюнча насыя абдан ыңгайлуу шартта алынганын айтты.

«Чай үстүндө эле ТВЕАнын жетекчиси менен 2 млн. доллар жардам берүүнү чечкенбиз. Жардам сурасам, бир мектеп салып берем деди, мен аз дедим, анан 2 млн. деген. Ошентип отуруп 20 млн. доллар техникалык грант берилери боюнча маселе чечилген»,-деди.

Ж.Сатыбалдиевдин айтымында, ТВЕАны электр станциялары тандаган.

«Энергетика министрлиги карап чыккан, тандаган. Менимче 386 млн. доллар туура баа»,-деди экс-премьер-министр.

Эске салсак, бүгүн ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө.

 

Количество просмотров: 108