• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

ТЭЦ боюнча дагы кимге кылмыш иши козголду. Чак түштө 10 жаштагы кызды ким зордуктаган. Соңку жаңылыктар 11.07.18

11 Теке 2018 15:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11. 07.2018. Govori.TV

Сапар Исаковдун иши боюнча эксперттик кызматтын жетекчилерине иш козголду

Башкы прокуратура экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айыптоолоруна жооп берип, бул иш боюнча Мамлекеттик эксперттик кызматтын жетекчилерине иш козгогонун кабарлады. Мекеменин маалымат кызматкери Наргиза Кубатованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияны иликтеш үчүн соттук-курулуш-техникалык комплекстүү экспертиза дайындалган. Ал эксперттик топко эксперттик кызматтын жетекчилиги таасир этип, алар документтерди иликтебей туруп 25-июнда мыйзам бузуу менен туура эмес жыйынтык чыгарып салышкан.- Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жооптуу кызматкерлерине жана башка жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”)негизинде кылмыш иши козголду. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкери камакка алынган. Тергөө уланууда, — деди Наргиза Кубатова.

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан унаа күйүп кетти 

Бишкек—Торугарт унаа жолунун 240-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди. Маалым болгондой, бүгүн, 11-июлда эртең менен саат 08:00 чамасында «Вольво» жана «Ман» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен «Вольво» автоунаасы күйүп кеткен. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.Окуя болгон жерде Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, «Вольво» унаасы Кытай Республикасынан Бишкекке товар жүктөп бараткан, ал эми «Ман» унаасы Бишкектен курулуш товарларын жүктөп Нарынга бара жаткан.

Чак түштө 10 жаштагы кыз зордукталды

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жашар кыз зордукталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБсынан билдиришти. Маалыматка караганда, кыз 10-июль күнү апасы менен базарга келип, дааратканага барган кезде аны белгисиз киши кармап, зордуктаган. Кылмыш иши козголду. Бирок, азырынча шектүү кармала элек.

Количество просмотров: 13