• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТЭЦ боюнча комиссия 1000дей суроого жооп алган

10 Бугу 2018 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.05. 2018. Govori.TV

«ТЭЦ боюнча депутаттык комиссия иликтөө учурунда 10дон ашык отурумдар өткөрүп, 900дөн ашуун ТЭЦтеги авария менен модернизация маселесине байланышкан суроолор ортого коюлду, комиссияга 1000 барактан ашык маалыматтар келип түштү, 100гө чукул ар тармактын, асыресе энергетика тармагындагы кызматкерлер, өкмөт мүчөлөрү, экс-депутаттар, мурдагы министрлер, өкмөт башчылары отурумдарга чакырылды». Бул маалымат аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун докладында айтылат.

«Жыйынтыгында, биз Бишкек ТЭЦиндеги аварияга алып келген кесепеттер катары-депутаттык комиссия энергетика тармагында мамлекеттин ырааттуу саясатынын жоктугун, тариф саясатынын туура иштелип чыкпаганын, тармактын ашкере саясатташып кеткенин, кадрлардын жетишсиздиги менен тынымсыз кадрдык баш-аламан алмашуулардын жүргөндүгүн, жоопкерчиликтүү системанын жолго коюлбаганын, Энергетика тармагынын статусун каалагандай өзгөртүп, бирде министрлик, бирде холдинг кылып жаткан тынымсыз реструктиризациялар, тармакты түшүнгөн, таза кадрлардын жоктугун, коррупциянын күчөп кеткендигин, тууганчылык-жердешчилик сыяктуу кадрдык жүрүштөрдүн күнүмдүк эрежеге айланып калгандыгы себеп болгонуна күбө болдук»,-деп улантат ал.

Эске салсак, ушу тапта Бишкек ТЭЦинин авариясы менен модернизациядагы 386 млн. Доллар чыгымды иликтеген депкомиссиянын корутундусу каралууда.

Количество просмотров: 11