• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

ТЭЦ боюнча коррупция беренеси менен иш козголо элек

30 Жалган куран 2018 15:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.03.2018.Govori.TV
Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча коррупция беренеси менен кылмыш иши козголо элек. Ал эми шалаакылык беренеси менен козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев журналисттерге маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, ишти учурда УКМК тергеп жатат. Эгер тергөөдө башка да жагдайлар аныкталса өзүнчө кылмыш иши козголушу мүмкүн.
26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, борбор калаа 5 күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура энергетика тармагындагы кызмат адамдарына “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Тергөө иштери качан бүтөрү белгисиз.
Количество просмотров: 26