• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ТЭЦ: Жылуулук берилбеген үч күндүн акчасы кайра эсептелинет

1 Бирдин айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.18.Govori.TV

Жылуулук берилбеген үч күндүн акчасы кайра эсептелинип чыгат. Азырынча бизде бул боюнча толук механизм жок. Бул туурасында Бишкек жылуулук борборунун басма сөз борбору Govori.TV сайтына билдирди.

“Учурда январь айында колдонулган жылуулуктун акчасы эсептелинип жатат. Канча сумма чыгары дүмүрчөк чыкканда белгилүү болот. Азырынча бизде бул боюнча толук механизм жок” деп билдирет басма сөз борбору.

Белгилей кетсек, 26-январдан тарта үч күн Кыргызстанда аба ырайы муздап -30 градуска жеткен. Бул күндөрү борбордогу ТЭЦ аварияга учурап, шаар тургундары жылуулуксуз калган.

Количество просмотров: 6